"Көйгөй жаралды". "Газпром" мектеби бюджетин мэриядан өзүнө алууну сунуштады

Билим берүү мекемесин шаар бийлиги тарабынан каржылоо жаатында кыйынчылык жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы "Газпром" мектебинин каржылоосун компаниянын өзүнө берүүнү көздөп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду.
"Газпром" мектеби бюджетин өздөрүнө алабыз деп жатат. Себеби мэрияга бул  билим берүү мекемесин каржылашы кыйын болуп жатат", — деди президенттин парламенттеги өкүлү.
Мындан улам ал депутаттардан макулдашуунун долбоорун карап берүүнү өтүндү.
Белгилей кетсек, 2019-жылы "Газпром Кыргызстан" компаниясы тарабынан борбор калаага мектеп курулуп, мэриянын менчигине өткөрүп берилген. Билим уясын курууга бир миллиарддан ашык рубль сарпталган.
Бишкекте 3 мектеп, бир спортзалдын курулушу башталды. Эскиздери