Бивол дүйнөдөгү мыкты боксчулардын тизмесине кирди. ESPN рейтинги

31 жаштагы WBA чемпиону жаңы рейтингде сегизинчи орунга жайгашты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Америкалык ESPN спорттук телеканалы теги кыргызстандык Дмитрий Биволду Сауль "Канело" Альварести жеңгенден кийин дүйнөдөгү мыкты бокчулардын рейтингине (бардык салмак категория боюнча) киргизди.
Орто оор салмак боюнча 31 жаштагы WBA чемпиону ESPN тизмесинде сегизинчи орунду ээледи, ал эми Альварес төртүнчү орунга түшүп калды. Буга чейин ал рейтингдин сап башында турчу.
Жаңыланган P4P рейтинги төмөнкүдөй болду:
1.
Теренс Кроуфорд (мурунку орду — 2);
2.
Наоя Иноуэ (3);
3.
Эррол Спенс (4);
4.
Сауль Альварес (1);
5.
Тайсон Фьюри (5);
6.
Александр Усик (6);
7.
Василий Ломаченко (7);
8.
Дмитрий Бивол (-);
9.
Шакур Стивенсон (-);
10.
Хуан Франсиско Эстрада (8).
Дмитрий Бивол кыргызстандыктарга кайрылып, ыраазычылыгын билдирди