Кызматтан алдым. Арзыбек Кожошев кеңешчисинин кармалышы боюнча үн катты

Кожошев бул кылмыштын өкмөттүн ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жоктугун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев пара алууга шектелип кармалган кеңешчисин жумуштан бошотконун билдирди.
Ал социалдык баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, аталган кылмыштын анын жана өкмөттүн ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жоктугун айткан.
"Тарап жаткан кабар өзүмө да күтпөгөн жагымсыз окуя болду. Ыңгайсыз абалга келип олтурам. Чынымды айтсам, мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок, тилекке каршы, ушундай иштер болуп кетти. Ал мага 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып, аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым. Козголгон иш 2016-жылы болуп өткөн. Өткөн иш менен бүгүнкүгө байлап, түрдүү маалыматтарды таратпооңуздарды суранам", — деди Кожошев.
Белгилей кетсек, УКМК министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси Ы.Т.К. 70 миң доллар пара алууга шектелип 14-майда кармалганын кабарлаган. Ал 2016-жылы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыгынын жетекчиси кезинде ишкерден эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү убадалаганы айтылды.
Алымкадыр Бейшеналиев УКМК сурагы, үйүнө жеткирген кеңешчи кыз, аңдуулар боюнча айтты