Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси 70 миң доллар пара алды деп кармалды. Сүрөт

Ал парага алган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берип жатканда колго түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси Ы.Т.К. 70 миң доллар пара алууга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси Ы.Т.К. 70 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

2 / 2

Аталган кеңешчи 2016-жылы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыгынын жетекчиси кезинде коррупциялык ишке барган.

Билдирүүгө ылайык, аталган кеңешчи 2016-жылы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыгынын жетекчиси кезинде коррупциялык ишке барган.

"Ы.Т.К. башкармалыкты жетектеп турганда чет элдик С.С. атуу ишкерден эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң доллар алган. Ошол эле учурда ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайтарып бербей койгон", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Үстүбүздөгү жылдын 14-майында ал акчанын бир бөлүгүн ишкерге кайтарып берүү учурунда УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн.
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды