Радио

Амиралиев: Ошто 24 өлкө катышкан алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт

Алыш күрөшү федерациясынын президенти Шабдан Амиралиев 21-23-майда Ош шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөрүн айтты.
Sputnik
Континент биринчилигине спортчулардын 24 өлкөдөн келүүсү күтүлүүдө. Курама команда ири мелдешке кызуу даярдык көрүп, машыгууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу Шабдан Амиралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Азия чемпионатында алыш күрөшү менен кошо казак күрөшү да өтөт.
"21-23-майда Ош шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. 24 өлкөдөн спортчулардын келүүсү күтүлүүдө. Ири мелдешти өткөрүү жоопкерчилиги бизге жүктөлгөндүктөн жогорку деңгээлде даярданып жатабыз. Учурда алыш күрөшүнүн кулачы кеңейип, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө өнүгүү жолуна түштү. Баяман Эркинбаев түптөгөн жолду ийгиликтүү улантып, учурда улуттук спортубуздун эл аралык аренадагы ордун калыптандыруу үчүн аракеттер болууда. Азия чемпионатында алыш күрөшү менен кошо казак күрөшү да өтөт. Андыктан катышуучулардын саны да көп болот", — деди Амиралиев.
Ошондой эле адис алыш күрөшүн Олимпиада оюндарынын программасына кошуу үчүн аз гана убакыт калганын кошумчалады.