БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана башкармалыктардын жетекчилери аны кызматтан алуу талабы менен чыгышты.
Алар бүгүн атайын маалымат жыйын өткөрүп, Бейшеналиев жалпы эле министрликти уят кылып жатканын жана мыйзамсыз иштерди жасап жүргөнүн айтышты.
"Биз ушунча чыдадык, бул сөздү бетине деле айтам. Министр азыр жумуш сапары менен чет өлкөдө жүрөт. Биз андан коркуп чогула калган жерибиз жок. Бул мезгилдин талабы болду", — деди орун басары Жапаркул Ташиев.
Дагы бир орун басары Улук-Бек Бектурганов министр ага телефон чалып коркутуп, жубайынын намысына тие турган сөздөрдү айтканын маалымдады.
Ал эми Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова министр этиканы сактабай, кызматкерлерге орой мамиле кыларын билдирди.
"Министр мынча жетекчини иштен алыптыр", "эшигин топурак менен тосуп салыптыр", "медициналык мекемелерди мыйзамсыз жаап коюптур" деп ЖМКлардан окуйбуз. Бул туура эмес да. Албетте, көп жакшы иштерди кылды, анүчүн сыйлайбыз, урматтайбыз. Бирок бизди дагы 15 жылдан бери иштеген кызматкер катары сыйлашын суранып кетебиз", — деди Акматова.
Мындан улам алар президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, Бейшеналиевдин ээлеген ордуна дал келүүсүн кароону суранышты.
Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев учурда жумуш сапары менен Германияда жүрөт.