Алымкадыр Бейшеналиев УКМК сурагы, үйүнө жеткирген кеңешчи кыз, аңдуулар боюнча айтты

Министр учурда эл аралык форумга катышуу үчүн Германияда жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигинин кабарчысына УКМК кызматкерлерине аэропорттон сурак бергенин айтып, "мага карата кысым болуп жатат" деп билдирди.
Белгилей кетсек, ал учурда эл аралык форумга катышуу үчүн Германияда жүрөт. Кыргызстандан учуп кетер алдында "Манас" аэропортунда УКМК кызматкерлери суракка алган. Буга Барскоон айылында Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо координатору, Каракол шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Б.Ж. пара алууга шектелип кармалуусу себеп болгон.
Министрдин айтымында, ал ошол күнү Ысык-Көлдө, жогоруда айтылган Б.Ж. да медайымдардын майрамы менен куттуктоо максатында өткөрүлгөн кечеде болгон.
"Мен медайымдардын 12-майдагы майрамына карата кече уюштуруп берүүнү чечкем. Анткени аларга эмгеги зор экенине карабай мурда анча көңүл бурулбай келген. Кафедеги тамагына өздөрү акча чогултабыз дешиптир. Жетпей калганын мен кошом деп айткам. Салтанат аяктаары менен координаторду жана кеңешчи кызды кармашыптыр", — деди министр.
Ошондой эле ал "кеңешчиге УКМК кызматкерлери тарабынан күч колдонобуз деген коркутуулар болгондуктан УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчилигине сүйлөшүп, ата-энесине жеткирип бергенин" айтты.
Анын билдиргенине караганда, артынан ишине, үйүнө, "Алтын балалык" комплексине (Бейшеналиевдин уулу калыбына келтирип жаткан балдар комплекси, — ред.) чейин аңдып баргандар болгон.
"Атайын кызматтын өкүлдөрү жумушума чейин келип кабинетиме эмнеге кирбегенине түшүнгөн жокмун. Эртеси күнү гана Германияга учуп кетейин деп аэропортко барган жерден кармап, суракка алышты. Кеңешчи кызды үйүнө жеткирип берип койдуң, эркек эмессиң, министр эмессиң дегенге чейин барышты. Барып кел, бирок кайра келгенде проблемалар болот деп айтышты", — деди Бейшеналиев комментарий берип жатып.
Министрдин айтымында, анын үй-бүлөсүнө буга чейин дагы кысым көрсөтүлүп келген. Бирок ал президентке кайрылып, ошондон кийин гана текшерүүлөр токтогонун кошумчалады.
Бейшеналиев: 300 менчик клиниканы жабам, бирөө эле күнүнө 20 аборт жасайт экен