Алматы облусундагы селдин үрөй учурган видеосу. Кырсыктан 5 жашар кыз көз жумду

Кыздын сөөгү ураган үйлөрдүн алдынан табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунун Текели айылында сел жүрүп 5 жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Билдирмеге караганда, кыздын сөөгү үйлөрдүн урандысынын алдынан табылган.
Социалдык тармакта жаратылыш кырсыгынын жүрөк үшүн алган видеосу пайда болгон.
Анда тоо боорунда жайгашкан үйлөрдүн үстүнө топурак аралаш сел суулары агып, үйлөрүнөн качып чыгып жаткан тургундарды көрүүгө болот.
Жаратылыш кырсыгы 15-май күнү түшкү саат 12:00дөр чамасында Текели айылынын Конаев көчөсүндө болгону айтылды. Сел беш үйдү каптап, бирөөнү толугу менен алып кеткен.
Арык менен каналдарды тазалагыла! ӨКМ сел каптоону алдын алууга чакырды