Путин АКШнын постсоветтик аймактагы биолабораторияларынын максатын айтты

Саммит Армениянын төрагалыгы алдында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. АКШнын постсоветтик мейкиндиктеги биолабораторияларынын максаты — биологиялык материал чогултуу жана вирус жайылтуунун өзгөчөлүгүн талдап үйрөнүү. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москвада өткөн саммитинде билдирди.
Ал Россия АКШнын аскерий-биологиялык активдүүлүгү боюнча эбактан бери эле коңгуроо кагып келгенин белгилеген.
"Биздин жалпы аймакта Пентагон тарабынан атайылаштырылган ондогон биолаборатория жана борборлор түзүлүп келген. Алар ошол мамлекеттердин элине медициналык жардам көрсөткөнү жок. Негизги милдети — биологиялык материал чогултуп, өз максатында пайдалануу үчүн вирус менен кооптуу оорулардын жайылуу өзгөчөлүгүн талдап үйрөнүү", — деди Путин.
Эскерте кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия мүчө. Быйыл Армения төрагалык милдетти аткарууда.
Токаев Афганистан тараптагы коркунучтарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды