Түркиянын тургундары Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүнө каршы

Каршылыктын булагы — эки мамлекеттин Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясын колдогону экени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түркиянын тургундарынын көбү өкмөттөн Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүнө каршы чыгууну суранып жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга эки мамлекеттин Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясын колдогону себеп экени айтылат.
Ага чейин өлкө башчы Режеп Тайип Эрдоган окуяга көз салып жатканын жана ага азырынча оң баа бере албай турганын билдирген.
"НАТО — биринчи кезекте союздаштардын аскердик-саясий альянсы. Финляндия менен Швеция Түркияга террордук чабуулдарды жасаган Күрдистан жумушчу партиясын ачык колдоп жатат. Кечээ эле алардын колунан биздин аскер каза болду. Түркиялыктардын көбү бул процесстин ишке ашышына каршы чыгууну суранууда. Маселени НАТОнун калган союздаштары менен талкуулайбыз", — деген министр.
Ал журналисттерге Стокгольм жана Хельсинкидеги кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Финляндия менен Швеция көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштады. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
Путин Финляндия президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Козголгон маселелер