Түндүк Кореяда COVID деп болжолдонуп жаткан оору ишембиде 296 миң кишиден чыкты

Өлкөдө тараган оору коронавирус инфекциясы экени айтылып келет. Көз жумгандардын айрымдарынын анализинен "омикрон" жана "стелс-омикрон" штаммдары табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Түндүк Кореяда коронавирус деп болжолдонуп жаткан оору ишемби күнү 296 миң кишиден аныкталып, 15 бейтап көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Буга чейин өлкөдө пандемиядан бери алгачкы жолу коронавирус жуктургандар катталганы айтылган. ЖМКлар апрелдин этегинде адамды калчылдатып, алсыраткан белгисиз илдет тарай баштаганын жазып чыгышкан. Аны айрым басылмалар коронавирус деп беришкен.
Оору жуктургандар жалпы 820 миң болгону, бейтаптардын 496 миңи айыгып, 324 миңи дарыланып жатканы кабарланган. Маалыматта 42 адамдын көз жумганы айтылган. Каза тапкандардын айрымдарынын анализдеринен коронавирустун "омикрон" жана "стелс-омикрон" штаммдары табылган.
Буга чейин аталган мамлекеттин лидери Ким Чен Ын эпидемияга каршы кескин чараларды көрүүнү тапшырган.
COVID-19дун оор формасы адамды 20 жылга улгайтканга барабар. Изилдөө