БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынып, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Энелер күнү менен куттуктоосунда айтты.
"Бул майрам — энелердин үй-бүлө бакубаттуулугуна, коомдун өнүгүшүнө жана улуттун улут болуп сакталып калышына кошкон зор салымын даңазалай турган өзгөчө күн! Дүйнө жүзүндө адам баласына энеден жакын, энеден кымбат эч ким жок! Эне сүтү, эне тилеги менен Мекенге, үй-бүлөгө, каада-салтка жана башка руханий баалуулуктарга болгон сүйүү сиңирилип, муундан-муунга өтүп келет", — деген президент.
Ошондой эле энелерди коргоо жана алардын коомдо тең укуктуу жашашы үчүн мамлекет тарабынан кандай аракеттер көрүлүп жатканына токтолгон.
"2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат. Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат. Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо — бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет. Бул — дени сак улуттун өнүгүшүнө жана сакталышына кошкон зор салым", — деп айтылат куттуктоодо.
Сөзүнүн соңунда Жапаров энелерге ден соолук жана аманчылык, элге тынчтык каалады.
Эске салсак, 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында Энелер күнү белгиленет.