НАРЫН, 15-май — Sputnik. Нарын районундагы Оттук жана Кызыл-Үңкүр капчыгайларындагы тоонун бооруна 15 миң түп Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Бул жашылдандыруу боюнча ири иш-чара Нарын токой чарбасынын жана "Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн" бириккен уюмунун биргелешкен аракети менен жүзөгө ашканы айтылды. Бак тигүүгө Кыргызстандын облустарынын жана Нарын аймагындагы бардык райондордун жаштары, студенттери катышкан.
Көчөт отургузуу иш-чарасына катышкан президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев демилгечилерге жана аталган ишти колдогон жаштарга элдин атынан ыраазылык билдирип, Нарын аймагына бүгүнкүнү кошкондо 180 миңден ашык көчөт тигилгенин кабарлаган. Мындай жашылдандыруу, табиятка камкордук аймакта уланарын кошумчалап, коомчулукка да кайрылып, бул саамалыкты колдоого алуу керектигин белгилеген.