Эндокринолог квастын ден соолукка тийгизген терс таасирин айтып берди

Медик аталган суусундукту көп ичпеш керектигин, анын курамында аз болсо да спирт ичимдиги бар экенин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Эндокринолог Татьяна Филиппова дүкөндө сатылган жана табигый квас ден соолукка канчалык зыян экенин түшүндүрүп берди. Медиктин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Анын айтымында, дүкөндө сатылган квастын курамында химиялык заттар өтө көп. Андагы боёк, консервант, даамын чыгарган заттар организмге терс таасирин тийгизет. Мындан улам аны колдонуудан таптакыр эле баш тарткан оң.
Дарыгер табигый квас деле ден соолукка пайда алып келбей турганын кошумчалаган. Филиппова аталган суусундукту көп ичпеш керектигин, анын курамында аз болсо да спирт ичимдиги бар экенин эскерткен.
Квастын курамында кумшекер болгондуктан, ал кант диабети жана гастрит, ашказанында жарасы барларга сунушталбайт. Медиктин айтымында, кан басымы жогору болгондор да бул суусундукту ичпеши керек.
Сөөктү бузган азыктар жана суусундуктар аталды