Учурда Бишкекте жогорку окуу жайлардын студенттери арасында расмий түрдө биринчи жолу кибертурнир өтүп жатат. Турнирге 11 ЖОЖдун окуучуларынан түзүлгөн курама командалар катышууда. Окуу жайлардын жетекчилиги аталган турнирдин өтүшүнө көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу Баяман Саймасаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кайрымдуулук кибертурнири 5-майдан 5-июнга чейин уланат.
"5-майда Бишкекте CS:GO видеооюну (Counter-Strike) боюнча кайрымдуулук кибертурнири башталды. Турнирдин жүрүшүндө ар бир адам башка оюнчулар менен атаандашып, өз күчүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Турнир MIX форматында өтүп, андан түшкөн каражаттын баары рак менен ооруган балдарга жардам катары берилет. Алгач тандоо туру, плей-офф, андан кийин гранд-финал болот. Финалдык оюндар Hydra Cybersport Stadium аренасында уюштурулат. Байге фонду 200 миң сом. Катышуучулар турнирге 350 сом төлөп катталышты. Таймаштагы биринчи орунга 100 миң, экинчи орунга 60 миң жана үчүнчү орунга 40 миң сом сыйлык каралган. Оюндун соңунда өзгөчөлөнгөн катышуучуларга ар кандай номинациялар ыйгарылып, программалоонун негизги курстары үчүн сертификат берилет. Турнирдин жүрүшүнө кесипкөй киберспортчулар көз салат", — деди Саймасаев.
Ал оюндар кандай сапатта жана деңгээлде өтүп жатканын Hydra Contest YouTube баракчасынан көрсө болорун кошумчалады.