Элечекчен энелердин парады. Жапаровдун атынан аларга ак жоолук белек кылышты. Сүрөт

Министрликтин маалыматына караганда, 500 эне Бишкектен жана Кыргызстандын ар кыл аймагынан чогулган. Аларга белек катары жоолук таратылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 500 аялга президент Садыр Жапаровдун атынан Энелер күнүнө карата ак жоолук тапшырган.
1 / 4

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 500 аялга президент Садыр Жапаровдун атынан Энелер күнүнө карата ак жоолук тапшырган

2 / 4

Аталган министрликтин маалымат кызматы бүгүн борбор калаада өлкөнүн булуң-бурчунан келген энелердин парады Энелер күнүндө өткөндүгүн кабарлады

3 / 4

Иш-чаранын катышуучулары көчөнүн борбору менен Максим Горький атындагы скверге чейин барышты

4 / 4

Иш-чара Энелер күнүнө арналган концерт менен аяктаган.

Аталган министрликтин маалымат кызматы бүгүн борбор калаада өлкөнүн булуң-бурчунан келген энелердин парады Энелер күнүндө өткөндүгүн кабарлады.
"Иш-чаранын катышуучулары көчөнүн борбору менен Максим Горький атындагы скверге чейин барышты. Ал жерден министр дубандардан келген эмгеги менен өзгөчөлөнгөн активист аялдарга Ардак грамоталарды тапшырды. Базарбаев, андан сырткары, президент Садыр Жапаровдун атынан ал жердегилердин бардыгына (500 аялга) ак жоолук белек кылды", — деп айтышты ведомстводон.
Иш-чара Энелер күнүнө арналган концерт менен аяктаган.
Энени сыйлоо — улуттун өнүгүшүнө кошкон зор салым. Садыр Жапаровдун куттуктоосу