Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

16-майга караган түнү Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Башка облустарда күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу жерлерине кар түшөт, дыйканчылык аймактарда күндүн көзү бузулбайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Таласта +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +15...+20 градус болот.
Термометр Бишкек менен Ош шаарларында +25...+27 градусту көрсөтөт.
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы