Бишкекте жасалып, жамалып жаткан жолдор менен тротуарлар. Тизме

Бир нече көчөдө тротуарлар оңдолуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы "Бишкек асфальт сервис" ишканасы тарабынан жасалып, жамалып жаткан жол, тротуарлардын тизмесин жарыялады.
Кайсы жолдо кандай оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат:
Чыңгыз Айтматов проспектиси, Жибек Жолу проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишинде тротуар жасалууда;
Кулатов көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Ибрагимов көчөсүнө чейин, андан ары Элебаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин жыртылган жерлер жамалууда;
Алтын-Ордо жаңы конушунда тротуар жасалып, тосмолор орнотулууда;
Арча-Бешик жаңы конушундагы Жазира жана Кызыл-Адыр көчөлөрүндө жолду толтуруу иштери жүрүүдө;
Арзамасская жана Корейская көчөлөрүндө кудуктар оңдолуп, тосмолор сырдалып жатат;
Байтик баатыр, Донецк жана Гражданская көчөлөрүндө кудуктар жасалууда;
Мыскал көчөсүндө арыктар казылып, тазаланып жатат.
24 млн. сом алып жолду бүтүрбөй жатат! Ак-Ордо эли митингге чыкты. Сүрөт, видео