Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты жабылды. Сүрөт

Мэрия менен кайгуул милициясы башкы аянттагы оңдоп-түзөө канча убакытка созуларын тактап берүүнү убада кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынын автоунаа өткөн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.
Бир жума мурда Панфилов көчөсүнөн "Ала-Тоо" кинотеатрына чейинки жолду оңдоп баштаган.
Мэрия менен кайгуул милициясы башкы аянттагы оңдоп-түзөө канча убакытка созуларын тактап берүүнү убада кылды.
Буга чейин мэрия министрлер кабинетинин буйругу менен муниципалдык ишканалар Өкмөт үйүнүн айланасындагы (ал жерде президенттик администрация да жайгашкан) бир чакырым аймакты жакшыртып жатканын билдирген.
Мэрия: "Бишкек жашыл чарбадан" бир жылдык гүлдүн көчөтүн алууга болот