Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

Аптанын башында күн ачык турганы менен шаршембиден тарта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында дүйшөмбү жана шейшембиде күн ачык болот. Шаршемби, бейшемби күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Жумада кайра күн ачылып, бирок ишембиде жамгыр жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй облусу

16-майда жаан-чачын болбойт, 17-майда тоолуу райондорго жаайт. Ал эми 18инен 21-майга чейин кээ бир райондордо жамгыр жаай турганы айтылды.

Талас облусу

16-17-майда күн ачык турат, 18инен 21-майга чейин көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

16-17-майда тоолуу райондордо жамгыр жаайт, ошол эле учурда дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
18инен 21-майга чейин кээ бир аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт.

Ысык-Көл, Нарын облусу

16-майда кээ бир райондордо жаан жаап, 17-майда токтойт. Бирок 18-майда кайра күндүн көзү бузулуп, 21-майга чейин кээ бир райондордо жамгыр жаайт.
Арык менен каналдарды тазалагыла! ӨКМ сел каптоону алдын алууга чакырды