Сөзүнөн жаңылган Байденди америкалыктар кайрадан талкууга алды

Бул окуя Байдендин жаңылган биринчи учуру эмес. Мурда дагы Харристи бир нече ирет президент деп айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Америка президенти Жозеф Байден АКШ-АСЕАН саммитинде сүйлөп жатып кайрадан жаңылды. Ал вице-президент Камала Харристи өлкөнүн президенти деп атап алды. Бул тууралуу Fox News каналы жарыялаган видеого шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Инди-Тынч океан аймагы — бул эркин жана ачык, туруктуу жана гүлдөп-өнүккөн, туруктуу жана коопсуз жай. Биз баарыбыз ушуга умтулабыз. Ошондуктан мен президент Харристен өткөн август айында аймакка баруусун сурангам", — деди Байден.
Көрүүчүлөр комментарийлерде ар кандай пикирлерин калтырышты.
"Оо кудай, Жозеф Харристи дагы бир жолу президент катары аймакка жөнөттү. Дүйнө коомчулугу алдында уят кылууда, мунусу баа жеткис", — деди Жозеф Талмадж аттуу көрүүчү.
"Президент Харрис? Укмуш го. Байкасаңар, кагаздан окуп жатат!" – деди Кристин Ланг.
"Оо кудай! Президент чындап эле өзүн жоготту", — деп жазган Глория С. Миранда.
"Жилдин (жубайы, биринчи айым — ред.) жазгандарын окуй албай кыйналчу болду", — деп мыскылдаган Стивео аттуу колдонуучу.
"Байден дарактын чокусунан кулап түшүп баратканда ар бир бутакка урунган жигитке окшош", — деп кошумчалаган Лед Зеппелин.
Бул Байдендин жаңылган биринчи учуру эмес. Мурда дагы Харристи бир нече ирет президент деп айткан. Ошондой эле Россия лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен алмаштырган учурлары бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жо Байдендин адашып украиналыктарды ирандыктар деп алган видеосу