Америкалык жаран 10 кишини атып өлтүрүп, үчөөнү жарадар кылды. Окуянын себеби

Каза болгондор менен жаракат алгандардын көбү афроамерикалыктар болгон. Кылмышкер автоматына террорчулукка айыпталган кишинин атын жазып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Американын Буффало шаарында эркек киши он адамды атып өлтүрүп, дагы үчөөнү жарадар кылды. Бул тууралуу CNN телеканалы жазды.
Окуя Буффалодогу супермаркеттин аймагында болгон. Ок чыгарган киши камуфляж, каска, бронежилет кийип, автомат асынып алганы айтылат.
Тергөөчүлөр каргашаны расалык жек көрүүчүлүк менен байланыштырган. Себеби өлгөндөр менен жаракат алгандардын көбү афроамерикалыктар болгон. Маалыматтарда аларды аткан киши ак терилүү болуп чыкканы кабарланды.
Кылмышкер колго түшүрүлүп, эң оор айып тагылган. Эми ал абакка өмүр бою кесилиши мүмкүн.
Кармалган киши өзүнүн куралына Норвегияда 69 адамды атып, бир нече кол салууну уюштуруп террорчулук үчүн соттолгон Андерс Брейвиктин атын жазып калтырган.
Президент Жозеф Байден массалык өлүмдөн кийин кайрылуу жасап, окуяны ички террорчулук деп атаган. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыкчам иштери үчүн ыраазылык билдирип, көз жумгандардын жакындарына көңүл айткан.
ЖМК: АКШда кылмышкерлер адам өлтүрбөшү үчүн аларга айлык төлөө сунушталууда