Жөө күлүктөр Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээги менен кеткен трассада 42,2, 21,1, 10 жана 3 чакырымга чуркашты. Чет өлкөлөрдүн элчилери да өз күчүн сынап көрүштү. Марафонго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров старт берип, ийгилик каалады.
"Спорттун элди бириктирүү, элдештирүү жана ынтымакка чакыруу жөндөмдүүлүгү абдан күчтүү. Азыр дүйнөдө адамзат ынтымакты жана тынчтыкты тилеп жатат. Ысык-Көлдүн бул миссияны аткарууда мындай дарамети бар жана абдан ыңгайлуу. Жашоо — күрөш, ал эми спорт — чоң күрөш. Чоң күрөштүн каармандары эч качан өлбөйт", — деди Жапаров.
Марафондун (42,2 чакырым) баш байгесине өзбекстандык Шохрух Давлатов ээ болду. Ал эми кыргызстандыктар Илья Тяпкин экинчи, Бердигул Айтпай уулу үчүнчү орунду алды.
Ысык-Көл марафону Борбор Азиядагы "эл аралык" деген статуска ээ жалгыз жарыш. Мында жеңил атлетика боюнча Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.
Тема боюнча: