22 өлкөнүн спортчуларын чогулткан марафон. Ысык-Көлдөн жайдары сүрөттөр

Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону өттү. Ага 22 өлкөдөн келген 3000ден ашуун профессионал жеңил атлеттер жана ышкыбоздор катышты.
Sputnik
Ысык-Көл марафону Борбор Азиядагы "эл аралык" деген статуска ээ квалификациялык жалгыз жарыш. Мында жеңил атлетика боюнча Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.
1 / 13

Жөө күлүктөр Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээги менен кеткен трассада 42,2, 21,1, 10 жана 3 чакырымга чуркашты

2 / 13

Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону Ысык-Көлдө 10-ирет өтүп жатат. Эки жыл мурун квалификациялык макам алган

3 / 13

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл марафону дүйнө элин элдештирүү жана ынтымакка чакыруу миссиясын аркалай турганын белгиледи

4 / 13

Жарышка көзү азиздер, коляскада отурган майыптыгы бар жарандар да катышты

5 / 13

Марафондо 22 өлкөдөн келген 3000ден ашуун профессионал жеңил атлеттер жана ышкыбоздор чуркады

6 / 13

Жашоо — күрөш, ал эми спорт — чоң күрөш. Чоң күрөштүн каармандары эч качан өлбөйт

7 / 13

Жеңил атлеттер Чолпон-Атадагы ипподромдон баштап Корумду айылына чейин чуркап барып келишти

8 / 13

Ысык-Көлдүн климаты спортчулар үчүн аябай ыңгайлуу экени эзелтен бери айтылып келет

9 / 13

Кыргызстандык белгилүү жеңил атлет Илья Тяпкин өзбекстандык атаандашы менен жарышып бара жатат

10 / 13

Жөө күлүктөр Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээги менен кеткен трассада чуркашты

11 / 13

Марафондо (42,2 чакырым) биринчи орунга өзбекстандык Шохрух Давлатов ээ болду

12 / 13

Жарыштын бардык катышуучуларына финишке келгенден кийин медаль берилди

13 / 13

Кыз-келиндер арасында биринчи орунга өзбекстандык Екатерина Тунгускова ээ болду. Экинчи орунду казакстандык Галина Якушева, үчүнчүнү кыргызстандык Юлия Фернас алды

Тема боюнча:
Ысык-Көлдөгү эл аралык марафондун баш байгесин өзбекстандык спортчулар алды. Сүрөт
Ысык-Көлдү бойлой 3000ден ашуун жөө күлүк чуркады. ШКУ марафонунан видео