Ысык-Көлдөгү эл аралык марафондун баш байгесин өзбекстандык спортчулар алды. Сүрөт

Жарышка 22 өлкөдөн келген 3000ден ашуун профессионал спортчулар жана ышкыбоздор катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафонунун жеңүүчүлөрү аныкталды.
Аталган жарыш бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага 22 өлкөдөн келген 3000ден ашуун профессионал спортчулар жана ышкыбоздор катышты. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана чет мамлекеттердин элчилери да чуркады.
1 / 2

Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафонунун жеңүүчүлөрү аныкталды

2 / 2

Аталган жарыш бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага 22 өлкөдөн келген 3000ден ашуун профессионал спортчулар жана ышкыбоздор катышты

Эркектер арасында марафондун (42,2 чакырым) жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Шохрух Давлатов (Өзбекстан), байгеси 200 миң сом;
Экинчи орун — Илья Тяпкин (Кыргызстан), 140 миң сом;
Үчүнчү орун — Бердигул Айтпай уулу (Кыргызстан), 100 миң сом.
Кыз-келиндер арасында марафондун жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Екатерина Тунгускова (Өзбекстан), байгеси 200 миң сом;
Экинчи орун — Галина Якушева (Казакстан), 140 миң сом;
Үчүнчү орун — Юлия Фернас (Кыргызстан), 100 миң сом.
Эркектер арасында жарым марафондун (21,1 чакырым) жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Нурсултан Кеңешбеков (Кыргызстан), байгеси 70 миң сом;
Экинчи орун — Рахимжан Келманов (Казакстан), 50 миң сом;
Үчүнчү орун — Сергей Платонов (Беларусь), 30 миң сом.
Кыз-келиндер арасында жарым марафондун жеңүүчүлөрү:
Биринчи орун — Евгения Прокофьева, байгеси 70 миң сом;
Экинчи орун — Ольга Немогай (Беларусь), 50 миң сом;
Үчүнчү орун — Гүлшаной Сатарова (Кыргызстан), 30 миң сом.
Ысык-Көл марафону Борбор Азиядагы "эл аралык" деген статуска ээ квалификациялык жалгыз жарыш. Мында жеңил атлетика боюнча Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.
Азаматтар! Ташкенттеги марафондо кыргызстандык спортчулар 3 алтын, бир күмүш алды