КР жаранынын Украинадагы согуштук аракеттерге катышканы текшерилүүдө. Видео

Атайын кызмат жарандарга Кыргызстандан тышкары куралдуу операцияларга катышкан адамга жаза каралганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы боюнча ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, УКМК социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүп жатып, Украинадагы согуштук аракеттердин сүрөт, видеолорун активдүү жарыялаган адамдын баракчасын аныктаган. Ал К.у.А. аттуу Кыргызстандын жараны экени такталган.
"Ыкчам маалыматтар боюнча К.у.А. 2021-жылдын декабрында Украинага эмгек миграциясына кеткен. Алынган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгү (КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоого даярдыгы) боюнча Бирдиктүү реестрге катталып, бул боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
УКМК жарандарга Кыргызстандан тышкары куралдуу операцияларга катышкан адамга жаза каралганын эскертти.
Туткундалган украин жоокерлери кылмыштуу буйруктар тууралуу айтып берди. Видео