Туткундалган украин жоокерлери кылмыштуу буйруктар тууралуу айтып берди. Видео

Аскер туткуну Украина күчтөрүнүн жай тургундар жашаган аймактарды миномёт менен аткылап, гранаталарды колдонгон учурларына да күбө болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Туткунга түшкөн Украинанын аскерлери жай тургундар жашаган жерлерди аткылоого буйрук берилгенин айтышты. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги ишемби күнү жарыялаган видеодо айтылганын РИА Новости жазды.
Видеодогу аскер кызматкерлеринин бири өздөрүнүн эле аскер бөлүктөрүнүн аткылоосуна кабылганын белгилеген. Ошондой эле украиналык аскерлер арасында согуштук аракеттерге катышуу боюнча пикир келишпестик көп болорун кошумчалаган.
Туткунга түшкөн адамдын айтымында, жетекчилиги орус аскерлери украиналык туткундарды шылдыңдайт деп коркутуп, ар кандай видеолорду көрсөткөн.
Аскер туткуну Украина күчтөрүнүн жай тургундар жашаган аймактарды миномёт менен аткылап, гранаталарды колдонгон учурларына да күбө болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Командирлер бизди окко тосуп, өздөрү чыгып кетишти. Украиналык аскердин видеосу