Өлкө бийлиги быйыл 2 миллионго чукул турист тосууга даярданууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сезонду “Таза суу, таза аба, таза инсан, асман-көл” деген ураан менен ачты.
“Быйыл дүйнөдөгү саясий абалга байланыштуу бизге туристтердин чоң агымы келет деп күтүп жатабыз. Ага даяр болушубуз керек. Ысык-Көл элди элдештирүүчү жер болот. Көлдүк ишкерлерден, жергиликтүү калктан сураныч, толеранттуу болуп, бири-бириңиздерди тарбиялаңыздар, элди жакшылыкка чакырыңыздар. Ар бир туристти Кыргызстанга кайра кайтып келе тургандай кылалы. Тейлөөнү жакшыртуу боюнча моралдык да, материалдык жактан да эбак даяр болдуңуздар деп ойлойм”, — деди Жапаров.
Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бул сезондо Ысык-Көлгө бир миллион, региондорго 800 миң турист келери болжолдонуп жатканын айтты.
“Биз пандемияга чейинки деңгээлге жетели деп жатабыз. Ал убакта туризм сектору ички дүң продукциянын 5 пайызын түзчү. Азыр 3,2 пайызга түшүп калды. Биз аны калыбына келтирип, андан ары да көтөрүшүбүз керек. Кыргызстан өтө уникалдуу, ажайып өлкө. Баарыңыздарды чакырабыз”, — деп кайрылды министр.
Сезонду ачууга эл аралык туристтик жарманке өтүп жаткан учурда старт берилди. Эл жети облустан тең келип, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Аны менен катар улуттук оюндар ойнолуп, өнөрпоздор өнөрүн тартуулады. Россия, Түркия, Венгрия жана Өзбекстандан да өкүлдөр келген. Жалпысынан 200дөн ашык туристтик операторду кезиктирүүгө болот.
Тема боюнча: