БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун аймагында 80 гектар жерди күздүк үкүчө курту каптады. Бул маалыматты аталган облустун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайрат Садыков билдирди.
Анын айтымында, аталган курт райондун Бел-Алды айыл аймагынын Коргон, Сары-Сөгөт айылдарынын жашоочулары кайрак жерге эккен эспарцетин жеп, талааларды такырга айлантып жатат. Мындан сырткары, Ничке-Сай, Чолпон-Ата айылдарындагы кайрак жердеги тоют өсүмдүктөрүнө түшкөн.
Жалал-Абад облусундагы эгин жана тоют талааларын курт менен чегиртке каптап, жеп жатат. Бул зыянкечтер Аксы, Ноокен, Сузак жана Токтогул райондорунда катталууда.
Ал эми чегиртке Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондорунда жана Баткен облусунун Лейлек районунда катталып жатканы айтылды.