Маалыматтык системага катталгыла! Салык кызматы мунай саткандарга кайрылды

Ишкер "ЭТТК" маалыматтык системасына Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинет" аркылуу катталса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Маркаланган продукция, мунай жана мунайзатты жүгүртүү менен алектенген субъектилер 15-майдан тарта Салык кызматынын маалыматтык системасына катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) колдоно башташы керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, ишкер "ЭТТК" маалыматтык системасына Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинет" аркылуу катталса болот.
"ЭТТК" маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке бере турчу салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат. Анын жардамы менен ишкерлер контрагенттер менен электрондук документти (анын ичинде оңдоп-түзөөчү документ) ыкчам алмаша алат", — деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин контрагентке документтерди жөнөтүү үчүн бир нече күн, ал тургай бир нече жума талап кылынып келгени айтылды. Ишкерлерди маалыматтык системага каттатуу ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу максатында да жасалып жатканы кошумчаланды.
Чек талап кыл да, батир, автоунаа утуп ал. Салык кызматынын акциясы