Ошто өз милдетин аткарып жатып курман болгон милиционерлер эскерилди. Сүрөт

Ош облусунда 30 милиционер өз милдетин аткарып жатып каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бүгүн Ошто кызмат учурунда баатырларча курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Бүгүн Ошто кызмат учурунда баатырларча курман болгон милиция кызматкерлери эскерилди

2 / 3

ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов өлкө эгемендүүлүк алган учурдан азыркы мезгилге чейин Ош облусунда 30 милиционер өз милдетин аткарып жатып каза болгонун айтты

3 / 3

2016-жылдан бери Кыргызстанда 15-майда өз милдетин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкерлерин эскерилет

ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов өлкө эгемендүүлүк алган учурдан азыркы мезгилге чейин Ош облусунда 30 милиционер өз милдетин аткарып жатып каза болгонун айтты.
Алардын катарында төмөнкүлөр бар:
Милициянын полковниги Уран Алиев;
Милициянын полковниги Адылбек Султанов;
Милициянын полковниги Маматали Өмүрзаков;
Милициянын полковниги Жумабек Маралов;
Милициянын кенже лейтенанттары Нурлан Сайдиев, Замирбек Карабалтаев, Уран Шамурзаев.
"Биздин эр жүрөк кызматкерлердин ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында мамлекет тарабынан жогорку сыйлыктарга көрсөтүлүп, ысымдары өздөрү туулган айылдын мектебине, ички иштер бөлүмдөрүнө, көчөлөргө ыйгарылган. Жыл сайын алардын жаркын элесине арналып спорттук мелдештер өткөрүлөт. Алардын ысымдары Кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, ар дайым элинин жүрѳгүндѳ!" — деди Абитов.
2016-жылдан бери Кыргызстанда 15-майда өз милдетин аткарып жатып курман болгон милиция кызматкерлери эскерилет.
ИИМ кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерди. Видео