Жапаров жөлөк пулду көбөйтүү жарлыгына кол койду. Ким канча алып калат?

Үй-бүлө. Архивдик сүрөт
Президент министрлер кабинетине жөлөк пулдарды 1-июндан тарта жогорулатуу тапшырмасын берген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө" жарлыгына кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Калктын аялуу катмарларын, анын ичинде бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарды (18 жаштан жогору) баккандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында Конституциянын 19, 44, 66 жана 71-беренелери боюнча токтом кылынат.
2022-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрүн көбөйтүү боюнча министрлер кабинетине берилген тапшырмалар;
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын төлөнчү жөлөк пулду 810 сомдон 1 200 сомго чейин;
I топтогу майыптыгы барларга ай сайын төлөнчү социалдык жөлөк пулду 2 500 сомдон 5 500 сомго чейин;
II топтогу майыптыгы барларга ар айлык социалдык жөлөк пулду 2 000 сомдон 3 000 сомго чейин;
III топтогу майыптыгы бар адамдарга ай сайын төлөнчү социалдык жөлөк пулду 1 500 сомдон 2 000 сомго чейин;
ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөк пулду 2 000 сомдон 3 000 сомго чейин;
баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөк пулду 2500 сомдон 3 000 сомго чейин;
улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөк пулду – 1 500 сомдон 2 000 сомго чейин;
бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж I топтогу майыптыгы бар адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү киргизсин;
жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;
2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;
"Кыргызстандын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чараларды көрсүн.
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Статком Кыргызстанда ар бир адамдын колунда канча акчасы бар экенин эсептеди