Кыргызстандын ТИМ башчысы Өзбекстан, Тажикстандагы кесиптештери менен жолукту

Коңшу мамлекеттин министрлери менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухриддин менен жолукту. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жазылган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухриддин менен жолукту.
Белгилей кетсек, кечээ Душанбеде КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин отуруму болду.
"Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкууланган. Мында бул боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанилүүлүгү жана эки тараптын кызыкчылыктарын эске алган чечим кабыл алынышы керектиги белгиленген", — деп жазылат маалыматта.
Тараптар соода-экономикалык жаатта жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды кабыл алуу тууралуу да сүйлөшкөн.
Душанбедеги отурумдун алкагында Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов менен да жолукканын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибинин актуалдуу маселелерин, стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүнүн перспективаларын жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин тез арада аяктоо зарылдыгына басым жасалган.
"Министрлер транспорт жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле алар жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштурууга эки тарап тең даяр экенин белгилешкен.
Садыр Жапаров Венгриянын ТИМ башчысы Сийяртону "Достук" ордени менен сыйлады