Кыргызстандыктар банктардан канча насыя алган? Соңку маалымат

Насыянын 70 пайыздан ашыгы улуттук валютада алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Март айында Кыргызстандагы банктарда насыянын көлөмү төмөндөдү. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарын карап чыккандан кийин келүүгө болот.
Белгилей кетсек, өткөн жылы насыянын көлөмү ай сайын өсүп, рекорд коюп турган. Соңку айларда төмөндөдү:
2021-жылы декабрда — 181 миллиард 783,3 миллион сом;
январда — 179 миллиард 35,4 миллион сом;
февралда — 183 миллиард 98,2 миллион сом;
марттын аягында — 182 миллиард 741,2 миллион сом (бул сумманын 133,4 пайызы улуттук валютадагы насыяга туура келет).
Карыз албачы деги... Жадыбалдай жаттап алчу 5 адат