Мамлекеттик ипотекалык компания менен "Керемет Банк" ачык акционердик коому Кыргызстандын турак жай программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Банк курулуш компанияларынын арасында аккредитация өткөрүп, тизмени аныктаган соң жарандар турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыя ала алышат. Бул тууралуу Амантур Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жарандар сатып алынган турак жайдын наркынын 20 пайыздан кем эмес баштапкы төлөмүн бериши зарыл.
"Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында "Жеңилдетилген ипотека" жана "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча насыя берип келет. Аталган программанын катышуучулары акча алуу үчүн "РСК банк", "Айыл банк" жана "Бакай банкка" кайрылса болот. Ушул жылдын 30-апрелинде МИК менен "Керемет Банк" ачык акционердик коому Кыргызстандын турак жай программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Банк курулуш компанияларынын арасында аккредитация өткөрүп, тизмени аныктаган соң жарандар турак жай сатып алуу үчүн ипотекалык насыя ала алышат. Сатып алынган турак жайдын наркынын 20 пайыздан кем эмес баштапкы төлөмү милдеттүү түрдө каралган", — деди Өмүров.
Ошондой эле адис курулуш компаниялары курулуш аяктагандан кийин турак жай программасынын катышуучуларын толук даяр болгон шартта үй менен камсыздай тургандыгын кошумчалады.