Радио

Исакова: бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерин кече уюштурбоого чакырабыз

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова быйыл мектепти 9-классты 14 миңден ашык, 11-классты 8 миңден ашык окуучу бүтүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн аттестат тапшыруу салтанаты мектептерде, күндүзгү саат 10:00дө уюштурулат. Ал эми кечки шаан-шөкөттөргө тыюу салынат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер балдарынын коопсуздугун биринчи кезекте ойлоосу зарыл.

"Соңку жылдары мектепти аяктоо кечелерин кечкисин, мектептен башка жерлерде шаан-шөкөт менен өткөрүүгө тыюу салып келебиз. Быйыл деле эреже өзгөртүлбөйт. Окуу жылы 1-сентябрдан эмес, 15-сентябрдан башталгандыгына байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаты да 9-июнга пландаштырылып жатат. Бирок азырынча расмий так ушул күнү өтөт деп айтыла элек. Ал эми бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи мектепте, күндүз өткөрүлөт. Ошону менен салтанат жыйынтыкталат. Көпчүлүк ата-энелер мындай кадамдарды колдогону менен, айрым активдүүлөрү балдарга шаан-шөкөттүү кечелерди уюштуруп берүүнү көздөшөт. Биз ушул ата-энелерге кайрылат элек. Ошол каражатты андан көрө баланын андан аркы өнүгүүсү үчүн жумшашса", — деди Исакова.

Педагог азыркы муун өкүлдөрү креативдүү ойлонорун жана ашыкча ысырапкорлукту жактырбай тургандыгын кошумчалады.