Бишкектин жаңы конуштарында үч сейил бак пайда болот. Эскиздер

Жаңы эс алуу жайларынын ичинде футбол талаасы, спорттук жана балдар аянтчалары, жайкы эстрадалык аянтча болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкектин Ак-Босого жана Мурас-Ордо жаңы конуштарында үч сейил багы пайда болот. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Бишкектин Ак-Босого жана Мурас-Ордо жаңы конуштарында үч сейил багы пайда болот

2 / 5

Жаңы эс алуу жайларынын жалпы аянты төрт гектарды түзөт

3 / 5

Анын ичинде футбол талаасы, спорттук жана балдар аянтчалары, жайкы эстрадалык аянтча жана башкалар болору айтылды

4 / 5

Мындай сейил бактарды Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-41, Чүй-52 көчөлөрүнө жана Мурас-Ордо жаңы конушуна салуу пландалууда

5 / 5

Бишкектин Ак-Босого жана Мурас-Ордо жаңы конуштарында үч сейил багынын эскизи

Мекеме алардын эскиздерин көрсөттү.
Жаңы эс алуу жайларынын жалпы аянты төрт гектарды түзөт. Анын ичинде футбол талаасы, спорттук жана балдар аянтчалары, жайкы эстрадалык аянтча жана башкалар болору айтылды.
Мындай сейил бактарды Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-41, Чүй-52 көчөлөрүнө жана Мурас-Ордо жаңы конушуна салуу пландалууда.
Ош шаарында Салиева көчөсүндөгү жол оңдолуп, жаңы аллея ачылды. Сүрөт