БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) президенти Халифа ибн Зейд Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммад ибн Зейд Аль Нахайянга жана БАЭ вице-президенти шейх Мухаммед ибн Рашид Аль-Мактумга көңүл айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, телеграммада маркум шейх Халифа ибн Зейд Аль Нахайян БАЭнин дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп ѳнүгүшүнѳ жана элинин бакубаттыкта жашашына эбегейсиз салымын кошуп кеткени белгиленген.
"Шейх Халифа биз үчүн өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукерлиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын нарктуу сөзү, салмактуу ойлору жана жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атыман сизге жана маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана Эмирликтин элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаңыздарды тең бөлүшөм", — деп жазылат телеграммада.
Эске салсак, Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) президенти Халифа ибн Зейд Аль Нахайян узакка созулган оорудан улам 74 жаш курагында дүйнө салды. Ал президенттик кызматты 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү атасы Зейд Аль Нахайян (1971-2004) башкарган.