Көп балалуу 1 585 аял Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйланды

Баатыр эне ордени жети же андан ашык баласы болсо, ал эми Эне даңкы медалы алты же андан көп баласы бар аялдарга берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Баатыр эне ордени 921 аялга берилсе, Эне даңкы медалын 664 аял алган.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, Баатыр эне ордени жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган аялдарга берилет. Ал эми Эне даңкы медалын алуу үчүн алты же андан ашык бала болуп, аларды толук тарбиялап жаткан болушу кажет.
Ардактуу сыйлыктар кимге ыйгарылганын президенттин сайтынан таанышууга болот.
Бишкекте "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды