БИШКЕК, 14-май — Sputnik. РИА Новости агенттигинин кабарчысы Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагында жайгашкан бомбадан коргонуучу жайлардын ичин видеого тарткан.
Видео күндүз, Украинанын аскерлери менен "Азов" согушкерлери көзөмөлдөбөй калган аймакта тартылган.
Буга чейин "Азовсталь" заводунун аймагынан чыгарылган жергиликтүү тургундар бомбадан коргонуучу мындай жайлар заводдун айланасында көп экенин жана ал жакта неонацисттер менен аскерлердин калганы жашырынып турганын белгилешкен. Эвакуация болгондордун айтымында, аларды аскерлер жер төлөлөрдө күч менен кармап, коркутушкан.
РИА Новостинин кабарчысы бомбадан коргонуучу жайлардын ичине кирип, анда эмне жайгашканын толугу менен көрсөтүп берген.
Бомбадан коргонуучу жайлардын ичинде ажаткана, тамак-аш сактоочу жайлар болгон.