БАЭге президент болуп Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы шайланды

Мурдагы мамлекет башчы узакка созулган оорудан улам 74 жашында көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин жаңы президенти болуп борбор калаа Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед ибн Зейд Аль Нахайян шайланды. Бул тууралуу РИА Новости WAM агенттигине таянуу менен жазды.
Ал иш жүзүндө буга чейин эле өлкөнү сегиз жыл башкарып келген. Бүгүн аны шайлоо тууралуу чечимди Жогорку федералдык кеңеш кабыл алды.
Эмирлер бүгүн, 14-майда, экс-президент Халифа ибн Заид Аль Нахайяндын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтуу үчүн чогулган. Мурдагы мамлекет башчы узакка созулган оорудан улам кечээ 74 жашында көз жумду. Ал Бириккен Араб Эмирлигин 2004-жылдан бери башкарып келген.
Садыр Жапаров БАЭ президентинин көз жумганына байланыштуу көңүл айтты