Бишкекте №260 маршрутканын каттаган жолу өзгөртүлдү. Сүрөт

Аталган каттамдагы бустар мындан ары Бакай-Ата, Нооруз жана Нургазиев көчөлөрүнө да кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бишкекте эл ташыган № 260 маршрутканын каттаган жолу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул маршруткалар мындан ары Бакай-Ата, Нооруз жана Нургазиев көчөлөрүнө кирип, андан кийин мурдагы каттап жүргөн жери менен кетет.
Мындай чечимди Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинде жума сайын чогулуп турган муниципалитеттин ведомстволор аралык комиссиясы кабыл алган.
Маршрутка жок, Ысык-Көлгө кете албай убара болгон жүргүнчүлөр. Видео