Ажарлуу түрк кыздары, көл жээктеген коноктор. Туристтик жарманкеден сүрөттөр

Бүгүн Ысык-Көлдө Кыргызстандын жайкы туристтик сезону расмий түрдө ачылды. Аны менен катар “Рух-Ордо” маданий комплексинде эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат.
Sputnik
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, быйыл туризм тармагына катуу көңүл бурулуп жатканын билдирди. Ал көлдүк ишкерлерди жана жергиликтүү калкты туристтерге кайра келе тургандай мамиле кылууга чакырды.
Sputnik Кыргызстан туристтик сезондун ачылышынан сүрөттөр топтомун сунуштайт.
1 / 12

Ысык-Көлдө расмий түрдө Кыргызстандын жайкы туристтик сезону ачылды

2 / 12

Көл жээгиндеги жарманкеге Түркия, Россия, Өзбекстан жана Венгрия сыяктуу бир канча өлкөдөн келип катышууда

3 / 12

Чолпон-Атада Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

4 / 12

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты

5 / 12

Келген конокторго улуттук оюндардын түрлөрүн көрсөтүп, өздөрүн да ойнотуп жатышты

6 / 12

Өлкөнүн жети облусу бирден боз үй тигип, өндүргөн буюм-тайымдарын, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн келген конокторго көрсөтүүдө

7 / 12

Өзбекстандык кернейчи улуттук музыкалык аспабы менен коноктордун көңүлүн көтөрүүдө

8 / 12

Концерттик программада түркиялык музыканттар чыгармасын тартуулашты

9 / 12

Кыргыздын ийик ийрүү өнөрүн тестиер кыздар көрсөтүп, келген конокторду суктандырды

10 / 12

Аксакал чүкөлөрдү жерге жайып, аны ойноо эрежелери менен тааныштырды

11 / 12

Боз үйдүн алдында кыздар конокторду тосуп, даам ооз тийгизип жатышат

12 / 12

Жарманкеге көчмөндөрдүн жашоо-турмушун чагылдырган салбурунчулар да келишкен

Тема боюнча:
Эч нерсе унутулбайт! Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнөн 18 сүрөт
Таң заарда айт намазга чогулган эл. Бишкектеги эски аянттан 14 сүрөт
Керемет кооздук, укмуш! Ала-Тоонун таманындагы кызгалдактуу жерлердин 10 сүрөтү