Өкмөт тез жардам автоунааларын сатып алууга 169,3 млн. сом бөлдү

Бул каражат "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пулдардан топтолгон акча экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам автоунааларын сатып алууга бюджеттин эсебинен 169,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Тез жардам автоунаасын сатып алууга бөлүнгөн каражат "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пулдардан топтолгон акча экени айтылды.
Нарын: медицина тармагына тогуз "Нива" бөлүндү. Сүрөт