Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сенатор Пушков: Украинага өзөктүк курал жайгаштыруу кыяматка карай жол

Батыш Украинанын аймагына өзөктүк курал жайгаштырууну көздөп жатканы айтылып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. НАТОнун өзөктүк куралын Украинага жайгаштыруу апокалипсиске алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу сенатор Алексей Пушковдун Telegram-баракчасындагы билдирүүсүнө шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анын пикиринде, бул акылга сыйгыс кадам жана дүйнөлүк коопсуздукка чоң коркунучтарды жаратат.
"Украинада өзөктүк курал жайгаштыруу — кыяматка карай жол дегендик. Муну кандай болсо дагы токтотуу керек", — деген Пушков.
Ал эми Россиянын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү Владимир Чижов Sky News телеканалына берген маегинде НАТО Украинада өзөктүк куралын жайгаштырбайт деген үмүтүн билдирди.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Украинаны курал-жарак менен камсыздоо, Батыштын техникасын колдонууга аскерлерди даярдоо, жалданма аскерлерди жөнөтүү жана альянс өлкөлөрүнүн Россиянын чек арасына жакын жерде машыгууларын өткөрүү менен НАТО чыр-чатакты каалап жатканын айткан. Ошондой эле бул нерсе толук кандуу өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Week: АКШнын катасы Украинада атайын операция баштоону шарттады