Арык менен каналдарды тазалагыла! ӨКМ сел каптоону алдын алууга чакырды

Министрлик 13-майдан 15-майга чейин нөшөрлөгөн жамгыр жаай турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сел каптоону алдын алууга чакырды.
Ага ылайык, 13-майда күндүз жана 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаайт. Мындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүп жатат.
ӨКМ кооптуулукту алдын алуу максатында сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу зарыл экенин белгиледи. Жергиликтүү бийлик менен Жарандык коргонуу кызматына тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.

"Жарандарга эскертүү! ӨКМдин жаратылыш кубулуштарына байланыштуу берилип жаткан ар бир маалыматына көңүл буруңуздар. Сел коркунучун алдын алыңыздар, анткени сиздин жана жакындарыңыздын өмүрү баарынан кымбат. Зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай турууну сунуштайбыз", — деп жазылган маалыматта.

ӨКМ жарандарды өзгөчө кырдаал кооптуулугу жаралган мезгилде сак болууну өтүндү.
Жаан, селден улам мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү