Кытай ЖМКсы: Россияга каршы санкциялар ийгиликсиз аяктайт

Автор белгилегендей, санкцияларга чейин эле Москва олуттуу жана салмактуу жооп кайтаруу үчүн аракет көргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Россияга каршы санкциялар максатына жетпейт. Бул тууралуу Кытайдын "Хуаньцю шибао" басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Батыштын G20 уюмундагы кубаттуу өлкөлөрдүн бири Россияны дүйнөлүк коомчулуктан оолактаткысы келген саясаты ийгиликсиз аяктайт. Анткени мунай жана газдын ири запастары, кубаттуу аскердик өнөр жайы, ар түрдүү экспорту бар өлкө менен иштешүүдөн баш тартуу кайсы гана тарап болбосун пайда алып келбейт", — деп жазылган макалада.
Автор белгилегендей, санкцияларга чейин эле Москва олуттуу жана салмактуу жооп кайтаруу үчүн аракет көргөн. Башкача айтканда, Россия эл аралык кысымга даяр болгон.
"Москванын экономикалык кубаттуулугун баалабай коюуга болбойт. Мисалы, энергетика ресурстары жана азык-түлүк жагынан өтө бай өлкө. Бул нерсе Россияга Батыштын үстөмдүгүнө тайманбай каршы чыгууга мүмкүндүк берет", — дейт автор.
Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Европада Россиянын энергетикалык ресурстарына көз карандылыкты азайтуу чакырыктары айтыла баштады. Кремль бул чараларды башка эч кимге окшобогон экономикалык согуш деп атап келет. Россия президенти Владимир Путин белгилегендей, санкциялар дүйнөлүк экономикага сокку уруп, миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сенатор Пушков: Украинага өзөктүк курал жайгаштыруу кыяматка карай жол