Пресс-борбор

Коомдук тамактануу жайларына алигиче пландык текшерүү жүргүзүлө элек

Уулануу фактылары көп кездеше баштагандыктан 2021-жылдын сентябрь айында тамак-аш өндүргөн объектилерди текшерүүгө уруксат беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Коомдук тамактануу бизнесине байланышкан пландык текшерүүлөр алиге чейин эмнеге өткөрүлбөй келгендигин Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери айтып беришти. Алар Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "Жапырт уулануу — базарлар менен дүкөндөрдү пландан сырткары текшерүү" деп аталган брифингге катышты.
Эске салсак, 2021-жылы сентябрда жапырт уулануулар арбып кеткендиктен тамак-аштын даярдалышын текшерүү максатында аталган жааттагы объектилерди пландык негизде көзөмөлдөп, текшерүүгө уруксат беришкен.
Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун Бишкектеги санитардык дарыгери Кундуз Есенгулованын айтымында, Экономика жана коммерция министрлиги менен текшерүү планы макулдашыла элек.
Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун Бишкектеги санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова

"2021-жылдын сентябрында тамак-аш менен иштеген объектилерди текшерүүгө салынган мараторий алынгандан кийин Экономика министрлигине IV кварталга деп макулдашууга план сунуштадык. Ага макулдук бериле да, текшерүү жасала да элек. Быйыл I жана II кварталга да макулдук ала элекпиз, азыр да ал иштерди жасабай турабыз. Эми III кварталга деп кайрылдык, күтүп жатабыз", — деп түшүндүрдү ал.

Пландалган текшерүүлөрдү Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору эле эмес ыйгарым укугу бар башка органдар да жүргүзбөй жатканын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Назгуль Абамуслимова кошумчалады.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сантардык дарыгери Назгуль Абамуслимова

"Бул төмөнкү себептерден улам жасалбай келет. Көзөмөлдөй турган органдардын тизмесин Жогорку Кеңеш бекитет, бирок азыркы парламент аны беките элек, мыйзамда каралбагандыктан улам бул иштер токтоп турат деп ойлойм. Экономика министрлиги бул мыйзамды алдыга жылдыруу боюнча көбүрөөк маалымат бере алат", — деп белгиледи ал.

Пресс-борбор
Адис: Бишкектин базарларында эскирип кеткен азыктар көп сатылып жатат