Ислам принциптерине ылайык лизинг алгандардын саны өлкөдө көбөйө баштады. Бирок калк арасында маалыматтын жеткиликтүү болбогонуна байланыштуу кардарлардын саны аз. Бул тууралуу Эсенбек Ажибеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, лизингдик келишимдер көбүнчө айыл чарба, курулуш, транспорт жаатында түзүлөт.
"Лизинг ишмердиги Кыргызстанда жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан тармак. Бул орто жана чакан ишкерликти каржылоодогу пайдалуу механизм болуп саналат. 2002-жылы "Финансылык ижара (Лизинг)" боюнча мыйзам кабыл алынган. 2003-жылдан тарта лизингдик операциялар Кыргызстанда жүргүзүлүп келет. Андан бери көп технологиялар өнүктү. Демек, лизингдик ишмердүүлүк жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, туура жолго коюлса, жакшы жылыштар болот эле. Азыркы учурда ислам принциптерине ылайык лизинг алгандардын саны өлкөдө көбөйө баштады. Бирок калк арасында маалыматтын жеткиликтүү болбогонуна байланыштуу кардарлардын саны аз",— деди Ажибеков.
Ошондой эле адис Евразия экономикалык биримдигиндеги чоң мүмкүнчүлүктөрдү, тобокелчиликтерди карап, ишмердүүлүк жүргүзсө болорун кошумчалады.