Ишембиге карата аба ырайы

13-майда күндүз жана 14-15-майда республика боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ишемби, 13-майда, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы божомолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +20...+25, Ысык-Көл менен Нарында +15...+20 градус жылуу болушу күтүлөт.
Борбор калаада күндүн табы +19...+21, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Мэрия: "Бишкек жашыл чарбадан" бир жылдык гүлдүн көчөтүн алууга болот